2021-12-24

ЧЕТ ТИЛДЕР БӨЛҮМҮ “SPELLİNG BEE” КОНКУРСУН УЮШТУРДУ.


2021-жылдын 22-декабрында Чет тилдер жогорку мектебинин Чет тилдер бөлүмүнүн Англис тили координаторлугу университетибиздин бардык факультеттеринин студенттери катышкан “Spelling Bee” конкурсун уюштурду. Конкурстун жыйынтыгында;

1. Айша Төраева (Туризм факультети)

2. Азиза Абыл кызы (Гуманитардык факультет)

3. Айзана Оморова (Туризм факультети)

ысымындагы студенттер байгелүү орундарга ээ болуп, белектер ыйгарылды. Мындан тышкары, университетибиздин түрдүү факультеттеринин студенттери англис тилинде ырларды ырдашып, конкурска көрк кошушту. Конкурстун соңунда Чет тилдер бөлүмүнүн башчысы докт. Фарук Гүн студенттерди куттуктап, конкурсту уюштурган Англис тили координаторлугуна ыраазычылыгын билдирди. Программа эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.